
Жарыяланган
2026-22-07, 10:372026-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстанга 84.3 млн сомго акиташ импорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Өлкөгө жалпы 8.2 миң тоннадай акиташ импорттолгон.
Кыргызстан акиташты Казакстан (6.2 миң тонна), Өзбекстан (1.6 миң тонна), Кытай (332.1 тонна) жана Түркиядан (21.3 тонна) сатып алган.
2025-жылдын январь-апрель айларында өлкөгө 7.3 миң тоннадан ашык акиташ импорттолгон.



