Жарыяланган
2024-27-12, 12:01Ысык-Көл облусундагы баасы 1 млрд сомдон ашкан "Симирам" эс алуу борбору мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган эс алуу борбору кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо), ошондой эле К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун ишин каржылоо фактысы боюнча катталган кылмыш ишинин материалдары боюнча тергөө-оперативдүү иш-чараларды жүргүзүүнүн алкагында Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүлүп берилди.
Жалпы аянты 4679 чарчы метр имараттардан жана курулмалардан турган объект Ысык-Көл облусунун Корумду айылынын аймагында жайгашкан.