Жарыяланган
2024-06-09, 12:329-микрорайондо №111 жана №112 мектепке чейинки билим берүү мекемелерине алып барган ички короо жолунун капиталык оңдоо иштери аяктады. Бул ишти муниципалдык ишкана "Бишкекасфальтсервис"тин бригадасы жүргүзүп, жаңы окуу жылынын башталышына чейин бүткөрдү. Жумушчулар эски асфальтты алып, бордюр жана ирригация системасын орнотуп, жаңы асфальт төшөп, ишти аякташты. Ошондой эле, Октябрь районунун аймагында, тактап айтканда микрорайондордо 2024-жылга бекитилген план боюнча жолдорду жана тротуарларды капиталык оңдоо иштери улантылууда.



