Жарыяланган
2025-14-07, 15:41Данияр Косумбаев КРнын Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун президенти болуп дайындалды. Ал фондду былтыр октябрь айынан бери жетектеп келген Кылычбек Рысалиевдин ордуна келди.
Косумбаев билими боюнча экономист, мамлекеттик башкаруу боюнча магистр даражасы бар. Буга чейин ал «Кыргызтелеком» ААКны жетектеп, мамлекеттик органдарда жана эл аралык IT-компанияларда иштеген.
Бул кызматка дайындалганга чейин ал фонддун президентинин кеңешчиси болуп, IT багытын өнүктүрүүнү көзөмөлдөгөн.
Ал кыргыз, орус, англис жана немис тилдерин билет жана мамлекеттик органдардын Ардак грамоталары менен сыйланган.