Akchabarsearch
    УКМК Бишкектин вице-мэрин кармады

    Жарыяланган

    2025-30-06, 12:48

    УКМК Бишкектин вице-мэрин кармады

    Бишкек шаарынын вице-мэри Таалайбек Байгазиев пара опузалоого шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

    Маалыматка ылайык, Байгазиев Бишкек ЖЭБин оңдоп-түзөө долбоору боюнча чет элдик компаниянын кызыкчылыгында иш алып баруу үчүн алардан акча талап кылган. Ал чет элдик компаниядан акча алып, бирок айткан убадасын аткарган эмес.

    27-июнда Байгазиев алган акчанын бир бөлүгүн – 35 миң долларды кайтарып жатканда колго түшүрүлгөн. Ага "пара опузалоо" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

    Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө. 


    Тектеш материалды окуу