
Жарыяланган
2025-22-12, 12:15Чүй районунун акими Русланбек Тагаев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, район аймагындагы дарыянын нугунан 100 сотиктен ашпаган аянттан кум-шагыл казып алууга лицензия берүүгө уруксат болсо, ал 20 гектар жерди иштетүүгө лицензия берген.
Ошол эле учурда ал айрым ишкерлер менен жең ичинен сүйлөшүп алып, өзүнүн жакын тууганынын кызыкчылыгын көздөп, күбөлүк берүүгө тапшырма берген.
Териштирүү иштеринин натыйжасында ал шектүү катары кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.




