
Жарыяланган
2025-03-12, 13:29Кыргыз-кытай жарандарынын массалык никелери тууралуу чагымчыл маалыматтар таратылууда. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдан бүгүнкү күнгө чейин расмий түрдө катталган мындай никелердин саны болгону 129ду түзөт. Алардын көпчүлүк бөлүгү Кытай жарандары болуп саналган ар кандай этникалык топтордун, анын ичинде этникалык уйгурлардын, дунгандардын ортосунда түзүлгөн.
“Ошол эле учурда, титулдук улуттун өкүлдөрү менен кытайлыктардын (ханьдар) ортосундагы никелердин саны 44тү түзөт. Алардын көпчүлүгү Кытайга туруктуу жашоого кеткендер. Бул процесстер Кыргызстандын жалпы демографиялык кырдаалга таасир этпей”, - деп жазылат маалыматта.
УКМК расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутууга багытталган аракеттер үчүн кылмыш жоопкерчилиги жөнүндө эскертет.



