Akchabarsearch
УКМК милициянын 4 кызматкерин коррупцияга шектеп кармады

Жарыяланган

2025-02-09, 10:31

УКМК милициянын 4 кызматкерин коррупцияга шектеп кармады

Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматындагы коррупциялык схемага бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди. 

УКМКнын маалыматы боюнча, Күзөт кызматтын Бишкектеги Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн жетекчилиги кол алдындагы кызматкерлерден мыйзамсыз акча чогултуп жүргөн. Аталган бөлүмдүн айрым жетекчилери ишкана-компанияларда расмий түрдө күзөт кылып иштөөнү каалаган кызматкерлерге уруксат берүү үчүн алардан акча алып келишкен. Кызматкерлер тапкан кирешесинин бир бөлүгүн жетекчилерине берип турушкан. 

Аталган факт боюнча "опузалап акча талап кылуу" фактысы менен кылмыш иши козголуп, 27-августта 110 миң сом акча алып жаткан жеринен Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн башчысынын орун басары, подполковник (Б.А.) кармалган. 

Ошондой эле бул ишке Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн башчысынын (полковник С.О.) катыштыгы бар экени аныкталган. Анын иш бөлмөсүн тинтүү учурунда 46 миң доллар жана 5 млн 890 миң сом акча табылган. Полковник ал каяктагы акчалар экенин түшүндүрө алган эмес. Андан тышкары иш бөлмөсүнөн 9х17 мм калибрдеги 32 патрон табылган. 

Аны менен бирге шектүү катары аталган бөлүмдүн улук инспектору (капитан Б.Ч.) жана взводдун командири (ага лейтенант Э.М.) кармалган.


Тектеш материалды окуу