Akchabarsearch
    УКМК Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттарын кармады

    Жарыяланган

    2025-01-08, 11:02

    УКМК Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттарын кармады

    Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Нарындагы көмүр кенин мыйзамсыз басып алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

    Маалыматка ылайык, УКМКга көмүр кенин тарттырып койгон киши кайрылган. Арыз боюнча териштиртүү жүрүп, кылмыш иши козголгон. 

    Атайын кызмат мурдагы депутаттар А.Ж. уулу жана М.М. коркутуп-үркүтүү жана башка жолдор менен көмүр кенин иштеткен компаниянын контролдук акцияларын тартып алганын аныктаган. 

    Мурдагы депутаттар 31-июлда кармалып, тергөө абагына камакка алынды. 

    "Акчабарга" өздүк булактар билдиргендей, шектүу катары Алтынбек Жунус уулу менен Муратбек Малабаев кармалган. 


    Тектеш материалды окуу