Akchabarsearch
Улуттук банктын 2025-жылдагы кирешеси республикалык бюджетке которулат

Жарыяланган

2026-04-02, 17:59

Улуттук банктын 2025-жылдагы кирешеси республикалык бюджетке которулат

Жогорку Кеңеш Улуттук банктын 2025-жылы тапкан 100% кирешесин республикалык бюджетке которуу тууралуу мыйзам долбоорун үч окууда колдоду. Бул мыйзам долбоорун өкмөт демилгелеген. 

Депутаттар мыйзам долбоорду эч талкуусуз жактырып берди. 

Эскерте кетсек, буга чейин каржы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев Улуттук банктын 2025-жылдагы киреше мурдагы жылдыкындай болору күтүлүп жатканын айткан. 2024-жылы Улуттук банктын кирешеси 45.7 млрд сомду түзгөн. 


Тектеш материалды окуу