Akchabarsearch
Улуттук банктын алтынынын унциясы 2.6 миң сомго арзандады

Жарыяланган

2026-10-04, 09:44

Улуттук банктын алтынынын унциясы 2.6 миң сомго арзандады

Бүгүн, 10-апрелге карата Улуттук банктын алтын куймаларынын унциясынын кайра сатып алуу баасы 418 миң 620.5 сом деп белгиленди.

Кечээ Улуттук банк алтындын унциясын (31.1035) 421 миң 247 сомдон сатып алып жаткан. Бир күндө анын баасы 2 миң 626.5 сомго арзандады.

Улуттук банк бүгүн алтын куйманын унциясын 424 миң 900 сомдон сатууда.
 


Тектеш материалды окуу