Akchabarsearch
Улуттук банктын алтынынын унциясы бир күндө 12.8 миң сомго арзандады

Жарыяланган

2026-19-03, 13:42

Улуттук банктын алтынынын унциясы бир күндө 12.8 миң сомго арзандады

Бүгүн, 19-мартка карата Улуттук банктын алтын куймаларынын унциясынын кайра сатып алуу баасы 428 миң 15 сом деп белгиленди.

Кечээ Улуттук банк алтындын унциясын (31.1035) элден 440 миң 857 сомдон сатып алып жаткан. Бир күндө анын баасы 12 миң 842 сомго арзандады.

Улуттук банк бүгүн алтын куйманын унциясын 452 миң 832 сомдон сатууда.

 


Тектеш материалды окуу