Жарыяланган
2025-09-07, 10:11Кыргыз Улуттук университетте дээрлик 3 миңге жакын студент окуудан чыгарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Улуттук университетте окуу жайга келбеген, бирок кагаздарда "окуп жүрөт" деп көрсөтүлгөн студенттер аныкталган. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинин 1-бөлүгүнө (кызматтык жасалмачылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Текшерүүнүн жыйынтыгында 2 миң 710 студент университеттен чыгарылган.
Учурда бул мыйзам бузууга катышы бар кызматкерлерди аныктоо иштери жүрүүдө.