Жарыяланган
2025-06-08, 10:13Унаа салыгын ашыкча төлөгөн жарандар акчасын кайтара алат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
Аталган мекемеден белгилешкендей, Кыргызстанда унаа салыгы жоюлду. Мындан улам жарандар унаа салыгы боюнча ашыкча төлөгөн акчасы болсо, аны кайтарып ала алат же анын эсебинен башка салыкты төлөй алат. Арызды 30-ноябрга чейин салык органына кайрылып же cabinet.salyk.kg сайтындагы салык төлөөчүнүн кабинетиндеги "МСК менен кат алышуу" бөлүмүнөн тапшырса болот.
Эгер жаран 30-ноябрга чейин арыз менен кайрылбаса, салык үчүн ашыкча төлөнгөн акча өлкө бюджетина алынат.
Кошумча маалымат алуу үчүн жергиликтүү салык органдарынан же 116 номери аркылуу алууга болот.