Жарыяланган
2025-10-01, 12:49Президент Садыр Жапаров чет өлкөлүк номурлуу унааларды мыйзамдаштырууга багытталган жарлыкка кол койду. Документтин максаты - юридикалык белгисиздикти жоюу, менчик ээлеринин укуктарын коргоо жана өлкөдөгү жеке адамдар колдонгон унааларды каттоону жөнөкөйлөтүү.
Министрлер кабинетине эки айдын ичинде мыйзамдаштыруунун жол-жобосун иштеп чыгуу тапшырылды. Процесс үч этап менен өтөт: алгач укук берүүчү документтери бар унаалар, андан кийин андай документи жок, бирок техникалык абалы жакшы унаалар мыйзамдаштырылат. Акыркы этапта ээлерине унааны утилдештирүү, аны запастык бөлүктөр үчүн демонтаждоо же өлкөнүн чегинен тышкары экспорттоо мүмкүнчүлүгү берилет.
Мындан тышкары, Кыргызстанга кирген автотранспорт каражаттарын алгачкы каттоонун жаңы эрежелери, анын ичинде жыйымдын өлчөмү жана чет элдик номурлуу унаалардын жүрүү мөөнөтүн көзөмөлдөөнүн тартиби киргизилет. Ошондой эле кыргызстандыктарга таандык унаалардын укук белгилөөчү документтери жок болсо, алардын кирүүсүнө тыюу салынат.
Автоунааларды мыйзамсыз ташып келүүнүн алдын алуу үчүн ички жана тышкы чек араларда көзөмөл чаралары күчөтүлүп, Чек ара жана Салык кызматы, Ички иштер министрлиги жана Бажы кызматы мыйзам бузууларды жигердүү аныктап, бөгөт коюуга киришет. Эл аралык келишимдерде каралган учурларды кошпогондо, автоунаанын сырткы бөлүгүн ташып келүү да убактылуу чектелет.