Жарыяланган
2024-11-12, 11:53Кыргызстанда дары-дармек өндүрүү боюнча иштер уланууда.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, “Айданфарма” мамлекеттик заводунда капсуланын 120 түрүн, майдын 20 түрүн, сироп жана суспензиялардын 10 түрүн чыгаруу пландалууда.
Учурда препараттар Дары-дармек жана медициналык техника департаментине каттоого берилди.
Белгилеп кетсек, өлкөдөгү дарылардын 90 пайыздан ашыгы башка мамлекеттерден келгендиктен, жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүү чечими кабыл алынган.