Жарыяланган
2025-03-01, 14:37Кыргызстанда дагы бир мамлекеттик банк – “Кылым банк”түзүлдү. Токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Документке ылайык, 100 пайыз мамлекеттик үлүшү бар “Кылым банк” ачык акционердик коому пайда болду.
Түшүндүрүлгөндөй, жаңы каржы институтун түзүү Кыргыз Республикасынын банк секторун жана каржы системасын өнүктүрүү максатын көздөйт.
Банктын уставдык капиталы 1 миллиард сомду, бир акциянын номиналдык баасы 1 миң сомду түзөт. 2027-жылга карата жаңы банктын уставдык капиталы 5 миллиард сомго чейин көбөйүшү керек.
Аны жайгаштыруу үчүн имарат бөлүп берүү президенттин администрациясына тапшырылды. Банк ошондой эле керектүү жабдуулар жана байланыш каражаттары менен жабдылышы керек.
Эске салсак, учурда Кыргызстанда төрт мамлекеттик банк бар: “Айыл Банк” (уставдык капиталы 16,5 млрд сом), “Элдик Банк” (11,4 млрд), Мамлекеттик өнүктүрүү банкы (19,7 млрд). Мамлекет ошондой эле “Керемет Банктын” 22,45% үлүшүнө ээ.