Жарыяланган
2025-14-07, 14:10
УКМК чет элдик жарандарга медициналык билими тууралуу дипломду мыйзамсыз берүү схемасынын бетин ачты. Тергөө ишинин жүрүшүндө «Эл аралык медициналык университет» жеке жогорку окуу жайынынын профессордук-окутуучулук курамынын айрым мүчөлөрү кармалды.
Тергөө маалыматтарына ылайык, окуу жайдын кызматкерлери чет элдик жарандар менен келишип алып, акча үчүн окуу документтерин, сынак баракчаларын жана башка кагаздарды жасап берүү менен алектенишкен.
Студенттер Кыргызстанда эмес экенине жана билим албаганына карабастан, аларга жогорку медициналык билим тууралуу дипломдор мыйзамсыз берилген.
УКМКнын айтымында, мындай мыйзамсыз иштер өлкөнүн билим берүү системасынын эл аралык беделине олуттуу зыян алып келет. Азыркы тапта бул мыйзамсыз схемага тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.