Жарыяланган
2024-17-09, 13:53Жарыяланган датасы: 16.09.2024 2024-жылдын август айында мурдагы айга салыштырмалуу Кыргызстанда керектөө баалары менен тарифтердин төмөндөшү - 0,3%, ал эми Беларуста - 0,1% байкалды, калган ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринде болсо алардын жогорулашы белгиленди. ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин керектөө секторундагы инфляция деңгээли (%, өсүш +; төмөндөш -): Августка карата азыркы жылдын июлуна салыштырмалуу Августка карата өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу Орточо айлык өсүш темптери (төмөндөө) августта 2023 2024 2023 2024 2023 2024 Армения 0,1 0,1 -3,2 -1,2 -0,4 -0,1 Беларусь -0,3 -0,1 2,9 3,3 0,4 0,4 Казакстан 0,7 0,6 6,6 5,3 0,8 0,7 Кыргызстан 0,0 -0,3 5,5 2,0 0,7 0,3 Россия 0,3 0,2 3,7 5,3 0,5 0,6 * Статистикалык кызматтардын маалыматы боюнча. 2024-жылдын август айында 2023-жылдын декабрына салыштырмалуу керектөө секторунун экономикасындагы инфляциянын эң жогорку деңгээли (5,3%) Россия жана Казакстанда катталды. Бул Казакстанда азык-түлүккө кирбеген товарларга баанын (5,0%) жана Россияда кызматтарга тарифтердин (9,1%) жогорулоосуна байланыштуу болгон. 2024-жылдын август айында ЕАЭБ мүчө мамлекеттериндеги керектөө секторундагы товарлар жана кызматтар боюнча инфляция деңгээли (% өсүү +; төмөндөө -): Бардык товарлар жана кызматтар анын ичинде азык-түлүк товарлар1 азык-түлүккө кирбеген товарлар кызматтар Мурдагы айга салыштырмалуу Армения 0,1 -0,9 -0,6 0,7 Беларусь -0,1 0,4 0,6 2,9 Казакстан 0,6 0,0 0,8 1,1 Кыргызстан -0,3 -0,9 0,4 0,8 Россия 0,2 0,0 0,6 0,0 Өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу: Армения -1,2 -2,9 -3,2 2,3 Беларусь 3,3 4,2 2,8 9,1 Казакстан 5,3 2,9 5,0 8,9 Кыргызстан 2,0 1,0 2,8 4,4 Россия 5,3 4,1 3,4 9,1 *Статистикалык кызматтардын маалыматы боюнча. 1 Алкоголдук суусундуктар менен тамеки азыктарын кошкондо. ____________________________________________________________ Баалар статистикасы бөлүмү: e-mail: ceny@stat.kg; тел. +996 (312) 625825; 324705 Расмий статистика жана тиешелүү метадатарды колдонууда колдонуучулар анын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (Кыргыз Республикасынын "Расмий статистика жөнүндө" Мыйзамынын 30-беренеси). Акыркы жаңылоо: 16.09.2024, 16:24 Басып чыгаруу версиясы.



