Түндүк айланма жолун акы төлөнүүчү кылуу пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги Ала-Тоо депутаттык тобунун 12-ноябрдагы жыйынында транспорт министринин орун басары Бактылуу Аскар уулу билдирди.
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун каражаты эми студенттердин контракттык окуу акысын төлөөгө жана кызматтык турак жайларды курууга жумшалат. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 12-ноябрда кол койду.
Ысык-Көл облусунун Түп районунда акыркы беш жылда 55 жаңы ишкана ачылып, 900 жумуш орду түзүлгөн. Бул мезгилде өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү эки эседен ашык өскөн.