Жарыяланган
2025-15-05, 09:00Нарындын Кочкор районунун Кара-Суу айылында 375 орунга эсептелген мектептин курулушу уланууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Республикалык бюджеттин эсебинен салынып жаткан бул мектеп эки кабаттуу болуп, спорт зал, ашкана, сыртта спорт аянтчасы каралган.
Анын курулушуна 119 млн сом сарпталат.