Akchabarsearch
    Кыргызстанда ГЭСтердеги гидроагрегаттарды реконструкциялоо башталат

    Жарыяланган

    2025-19-02, 09:34

    Кыргызстанда ГЭСтердеги гидроагрегаттарды реконструкциялоо башталат

    Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтеринин бирден гидроагрегаттары реконструкцияланат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен кабарлашты.

    Маалыматка ылайык, иштер Токтогулда 20-февралда, Үч-Коргондо 1-мартта башталат. Реконструкциядан кийин Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 60 мегаваттка көбөйүп, жалпы кубаттуулугу 1 миң 440 мегаватт болот.

    Ал эми Үч-Коргон ГЭСинин кубаттуулугу оңдоп-түзөө иштеринен кийин 9 мегаваттка көбөйөт. 


    Тектеш материалды окуу