Жарыяланган
2025-07-02, 09:29Саламаттык сактоо министрлиги жана анын ведомстволук мекемелеринде 3 млрд сомдон ашык каржылык мыйзам бузуу аныкталды. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын кеңешинин отурумунда 2023-жылдын Саламаттык сактоо министрлигинин бюджетинин аткарылышы боюнча шайкештик аудитинин жыйынтыктары тууралуу баяндамасында белгилүү болду.
Ведомстводон билдиришкендей, аталган министрликте эмгек акы төлөө, мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү, товардык материалдык баалуулуктардын эсебинин толуктугун камсыздоо жана башка иштеринде олуттуу шайкеш келбестиктер орун алган.
Аудиттин жыйынтыгы боюнча жалпы бузуулардын суммасы 3 161 353,0 миң сомду түзүп, анын ичинен:
Ал эми 819 735,5 миң сом каржылык бузуулардын ичинен 114 452,0 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, аудиттин жүрүшүндө 111 157,3 миң сом же 97,12% калыбына келтирилген.
Эске салсак, буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин башчысы Алымкадыр Бейшеналиев өз каалоосу менен кызматтан кеткен.