Жарыяланган
2024-17-09, 13:55Жыл башынан Кыргызстандын 59 ишканасы Евразиялык экономикалык биримдиктин бирдиктүү реестрине киргизилип, жалпы 413 ишкана катталды.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:
сүт азыктарын өндүрүү – 44;
бал өндүрүү жана сатуу – 68;
балык өстүрүү, кайра иштетүү – 44;
эт азыктарын өндүрүү – 21;
улуттук сүт азыктарын өндүрүү – 3;
мал союучу ишканалар – 11;
тирүү малды өстүрүү, көбөйтүү жана сатуу – 35;
канаттууларды кайра иштетүүчү ишканалар -10;
жаныбарлар үчүн тоют өндүрүү – 23;
жаныбарлардан алынган азыктарды сактоо жана сатуу – 139;
жаныбарлардан алынган сырьелорду кайра иштетүү (ичеги, жүн, тери) – 14;
ветеринардык препараттарды сактоо жана сатуу –1 ишкана каттоодон өттү.
Мындан тышкары, Кытайдын реестрине – 24 ишкана (13 сүт азыктары, 11 аарычылык), Өзбекстандын реестрине – 43 ишкана (17 сүт азыктары, 8 эт азыктары, 10 аарычылык, 7 балык азыктары), Түркиянын реестрине – 12 ишкана кирген.