Россиянын Мамлекеттик Думасынын "Жаңы адамдар" фракциясынын депутаттары өлкөнүн Ички иштер министрлигине миграциялык мыйзамды бузган чет элдиктер тууралуу маалымат берген жарандарга акчалай сыйакы төлөө сунушу менен кайрылды.
Улуу Жеңиштин 80 жылдыгын утурлай, MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш операторунун кызматкерлери согуштун ардагерлерин, концлагерь туткундарын жана Ленинград курчоосунда аман калгандарды куттуктады.
Быйыл 4 айда Кыргызстанда электрондук кызмат көрсөткөн чет элдик компаниялар өлкө бюджетине 514.4 млн сом кошумча нарк салыгын же "Google’га салык" төлөдү.
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-майда, дүйнөдөгү эң ири криптовалюталык биржалардын бири Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао менен Чолпон-Ата шаарында жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.