Akchabarsearch
    Таласта асфальт-бетон, темир-бетон чыгарган жана таш майдалаган заводдор салынат

    Жарыяланган

    2025-21-05, 14:19

    Таласта асфальт-бетон, темир-бетон чыгарган жана таш майдалаган заводдор салынат

    Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Таластагы асфальт-бетон, темир-бетон жана таш майдалоочу заводдорун куруу үчүн капсула салуу аземине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

    Жаңы заводдор Беш-Таш айыл аймагынын Кара-Дөбө тилкесинде салынат. Алардын өндүрүштүк кубаттуулугу саатына 120 тоннага чейин болот. Анда 60 жумуш ордун түзүү каралган. Долбоордун жалпы наркы 84,3 млн сомду түзүп, каржылоо республикалык бюджеттен жүргүзүлөт. 

    Бардык иштер 2025-жылдын сентябрында аяктайт деп болжолдонууда.

    "Бул заводдор жаңы технологияларга негизделип иштей турган, көптөгөн адамдарга жумуш орундарын түзгөн, аймактын экономикалык өсүшүнө олуттуу салым кошкон ишканалар болот деп үмүт артабыз", - деди Касымалиев. 


    Тектеш материалды окуу