Жарыяланган
2025-24-01, 10:34Бүгүнкү күндө автотранспорттук каражаттарды жөнөкөйлөтүүлөр жана айкын легалдаштыруу процедураларын иштеп чыгуу максатында ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп, ишке киришти. Автотранспорттук каражаттарды легалдаштыруу тиешелүү нормативдик укуктук акт кабыл алынгандан кийин жүргүзүлөт деп белгиленет. Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгын ишке ашырууга карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине эки айлык мөөнөттүн ичинде Кыргыз Республикасына киргизилген чет элдик каттоо номурлары бар автотранспорттук каражаттарды легалдаштыруу процедурасын жөнгө салуу жана поэтаптуу легалдаштыруу процессин жүргүзүү тапшырмасы берилген. Биринчи этапта укук берүүчү документтери бар транспорт каражаттары легалдаштырылат. Экинчи этапта укук берүүчү документтери жок, бирок техникалык абалы талаптарга жооп берген транспорт каражаттары легалдаштырылат. Үчүнчү этапта транспорт каражаттарынын ээлерине аларды өз ыктыяры менен башкаруу мүмкүнчүлүгү (запастык бөлүк катары сатуу, өлкөдөн чыгаруу, утилизация ж.б.) берилет. Жарлыкты ишке ашыруу жана андан аркы каттоону жүргүзүү үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ төмөнкүлөрдү иштеп чыгууда: транспорт каражаттарын баштапкы каттоо эрежелери жана шарттары, ошондой эле жыйымдардын өлчөмү жана мөөнөттөрү; чет элдик келип чыгуучу автотранспорттук каражаттардын кирүү жана болуу мөөнөттөрүн контролдоо тартиби.