Akchabarsearch
Кыргызстандын тышкы соода-сатыгы кыскарды

Жарыяланган

2025-15-05, 11:38

Кыргызстандын тышкы соода-сатыгы кыскарды

Быйыл январь-март айларында Кыргызстандын тышкы соода-сатыгы 3.32 млрд долларды түзүп, 2024-жылдын үч айына караганда 14.7%га кыскарды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. 

Маалыматка ылайык, экспорт 6.5%га жана импорт 16.1%га азайган. 

Ошол эле учурда Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкөлөр менен соода-сатык 7.8%га өсүп, 1.12 млрд долларды түзгөн. Анын көбү Россия (68.6%)  жана Казакстанга (29.2%) туура келет. 


Тектеш материалды окуу