Akchabarsearch
Быйыл үч айда Кыргызстанда 3 миң 272 батир жана үй колдонууга берилди

Жарыяланган

2025-25-04, 13:28

Быйыл үч айда Кыргызстанда 3 миң 272 батир жана үй колдонууга берилди

Быйыл январь-март айларында Кыргызстанда 3 миң 272 батир жана турак үй колдонууга берилди. Алардын жалпы аянты 418.7 миң чарчы метрди түзөт. Былтыркы жылдын алгачкы үч айына караганда ал 32.2%га көп. 

Үч айда турак жай курууга 34.5 млрд сом сарпталган. Ал бир жыл мурдагыга салыштырмалуу 3.1 эсе көп. Экономикага салынган инвестициялардын 60.8%ы турак жайдын курулушуна жумшалган. 

Баарынан көп турак жай Жалал-Абад, Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарында жана Бишкекте тургузулган. Айыл жергесиндеги үйлөрдүн аянты 168.9 чарчы метрди түзөт. 

Курулушка кеткен акчанын басымдуу бөлүгү жарандардын каражаттары: жалпы сумманын 70.7%ы.

Өлкөдө колдонууга берилген үйлөрдүн 2 миң 197си жер тамдар. Алардын жалпы аянты 295.9 миң чарчы метрге жетет. Алардын болжолдуу баасы 8.6 млрд сомду түзөт. 


Тектеш материалды окуу