Жарыяланган
2025-02-09, 13:38Өзбекстан быйыл жети айда чет жакка 87.9 миң тонна шабдалы сатты. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Статистика комитети билдирди.
Өзбекстан шабдалыны 15 өлкөгө экспорттоп, анын баасы 80.5 млн долларды түзгөн.
Шабдалынын көбү Россияга (69.9 миң тонна), Казакстанга (13.1 миң тонна) жана Кыргызстанга (4 миң тонна) сатылган. Ошондой эле 615 тонна Беларуска, дагы 259 тонна башка өлкөлөргө экспорттолгон.