
Жарыяланган
2026-20-11, 15:042026-жылдын январь-сентябрь айларында Өзбекстан Кыргызстанга 25 миң тонна дарбыз экспорттогон. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Быйылкы тогуз айда Өзбекстан 15 өлкөгө дарбыз саткан: 40.4 млн долларга 139 миң тонна дарбыз экспорттогон.
Бул дарбыздын 97.5%ы үч өлкөгө сатылган: Россияга - 68.7 миң тонна (49.4%), Казакстанга - 41.9 миң тонна (30.1%) жана Кыргызстанга - 25 миң тонна (18%).
Өзбекстан былтыркы жылдын тогуз айына караганда быйылкысында дарбызды 7.6 млн долларга же 23.3%га көбөйткөн.



