
Жарыяланган
2026-03-02, 09:562026-жылдын 1-январына карата Өзбекстанда кыргызстандык капиталдын катышуусу менен иштеген ишканалардын саны 344кө жетти. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Статистика комитети билдирди.
Анын ичинен соода тармагында – 138 ишкана, өнөр жайда – 60, маалымат жана байланыш – 30, ташуу жана сактоо – 18, курулуш – 17, мейманкана жана тамак-аш тармагында кызмат көрсөтүү – 14, саламаттык сактоо жана социалдык кызматтар – 6, айыл чарба, токой жана балык чарбачылыгында – 5 ишкана иштейт.
Дагы 56 ишкана башка тармактарда иш алып барат.



