
Жарыяланган
2025-17-11, 10:34Быйыл январь-сентябрь айларында Өзбекстан Кыргызстанга 107 тонна лимон сатты. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Статистика комитети билдирди.
Маалым болгондой, Өзбекстан быйыл тогуз айда 3.8 млн долларга 2 миң 282 тонна лимон саткан. Лимон тогуз өлкөгө жөнөтүлгөн.
1 миң 239 тонна – Россияга, 930 тонна – Казакстанга, 107 тонна – Кыргызстанга, 2.9 тонна – Бириккен Араб Эмираттарына, калган 3.6 тонна – башка өлкөлөргө сатылган.



