Akchabarsearch
    Өзгөндө жаңы бала бакча пайдаланууга берилди

    Жарыяланган

    2025-29-05, 11:54

    Өзгөндө жаңы бала бакча пайдаланууга берилди

    Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Төөлөс айылында жаңы бала бакча пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. 

    Бала бакча министрлик тарабынан салынган. Ал 50 орунга ылайыкталган. 

    "Эки кабаттуу имаратта бардык заманбап шарттар каралган", - деп айтылат маалыматта. 

    Бала бакчанын курулушу 2024-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталып, ага 26 млн сом сарпталган.


    Тектеш материалды окуу