Akchabarsearch
Өзгөндүн байыркы шаар түзүлүшүн сактап, туризмди өнүктүрүү сунушталууда

Жарыяланган

2026-23-11, 09:57

Өзгөндүн байыркы шаар түзүлүшүн сактап, туризмди өнүктүрүү сунушталууда

Өзгөндүн байыркы шаар түзүлүшүн сактап, аны туристтер үчүн кызыктуу жайга айландыруу сунушталууда. Бул тууралуу урбанист Эмиль Насритдинов OSK Property 2026 форумунда билдирди.

Анын айтымында, Өзгөн Кыргызстандагы XVII–XVIII кылымдарга таандык салттуу шаар түзүлүшүн сактап калган өзгөчө шаарлардын бири.

Урбанист шаардын тарыхый өзгөчөлүктөрүн, анын ичинде салттуу базарын сактоо менен туристтерди тартууга мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи.

Ошондой эле Насритдинов Каракол шаарындагы коомдук жайларды өнүктүрүү долбоорлору тууралуу айтып берди. Анын ичинде Жеңиш паркын жаңылоо боюнча сунуштар иштелип чыккан.

Анын айтымында, парктарды курууда бак-дарактарды отургузуу жана эс алуучу жайларды уюштуруу менен гана чектелбестен, ошол аймактын тарыхын, маданиятын жана салттарын чагылдыруу маанилүү.

Мындан тышкары, урбанисттер шаарлардын алдыдагы 20–30 жылга карата өнүгүү багыттарын иштеп чыгууда. Мында шаарлардын инфраструктурасын жакшыртуу менен катар алардын өзгөчөлүктөрүн сактоого көңүл бурулууда.

Насритдинов шаарларды көрктөндүрүүгө жергиликтүү тургундарды тартуунун маанисин да белгиледи. Анын айтымында, буга чейин студенттердин жана жергиликтүү тургундардын катышуусунда үч парк курулган.

Ал шаарларды өнүктүрүүдө чечимдер жогору жактан гана кабыл алынбастан, жергиликтүү элдин сунуштары жана муктаждыктары да эске алынышы керектигин кошумчалады.


Тектеш материалды окуу