Akchabarsearch
Жакында Баткен районунда 3 ишкана ишке кирет

Жарыяланган

2025-22-08, 10:34

Жакында Баткен районунда 3 ишкана ишке кирет

Жакында Баткен районунда 3 өндүрүш ишканасы ишке кирет. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. 

Маалым болгондой, Эгемендик күнүнө карата Самаркандек айылында мөмө-жемиштерди кайра иштеткен цех, Ак-Татыр айылында желим жана кагаз идиш-аяктарды чыгарган ишкана жана Жаңы-Жер айылында мөмө-жемиштерди тоңдуруп сактоочу цех иштей баштайт.

Самаркандектеги цех күнүнө 5 тонна мөмө-жемишти кайра иштете алат. Бул ишканада 30 жумуш оруну түзүлөт. Ишкананы ачууга баш-аягы 16 млн сом сарпталган. 

Ак-Татырдагы ишканада тамак-аш үчүн желим жана кагаз идиштер чыгарылат. Желим идиштер кайра иштетилет.  Ишканага жалпы 52 млн сом сарпталды. Ал жакта 30 киши иштейт. 

Жаңы-Жер айылындагы цех (ваакуумдук муздаткыч) 500 тонна мөмө-жемишти сактоого ылайыкташкан. Ал жерде 5 жумуш оруну түзүлөт. Бул ишкананы ачканга 22 млн сом сарпталган. 


Тектеш материалды окуу