Akchabarsearch
Жалал-Абадда самогон жасаган жай аныкталды

Жарыяланган

2025-02-09, 13:08

Жалал-Абадда самогон жасаган жай аныкталды

Жалал-Абад шаарында ичимдиктерди мыйзамсыз жасаган жай аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, аталган жайда айына 1 тоннадан ашык ичимдик (самогон) даярдалып, сатыкка чыгарылып турган. Текшерүү учурунда ал жактан 29 желим челек (5200 литрге жакын) самогон табылып алынган.

Жерине милиция кызматкерлери чакырылып, объектке мөөр басылып, жабылган. Учурда тиешелүү процессуалдык иштер жүргүзүлүүдө. 


Тектеш материалды окуу