Akchabarsearch
Жапаров коңшу өлкөлөр суу үчүн компенсация бериши боюнча маселе көтөрдү

Жарыяланган

2026-22-04, 17:33

Жапаров коңшу өлкөлөр суу үчүн компенсация бериши боюнча маселе көтөрдү

Президент Садыр Жапаров Казакстандагы Аймактык экологиялык саммитте коңшу өлкөлөр суу үчүн компенсация бериши боюнча маселе көтөрдү. 

Жапаровдун айтымында, Кыргызстандын аймагында жылына 50 млрд куб метр суу жыйналат. Кыргызстан анын 12 миллиардын гана колдонсо, калган 38 миллиарды коңшу өлкөлөргө кетет. 

Кыргызстан суу топтоп, суу сактагыч жана башка курулмаларды тейлөө үчүн бир топ чыгым тартып жатат. Маселен былтыр бул багытта 80 млн долларга жакын акча бөлүнгөн. Ал эми соңку беш жылда болсо өлкө 259 млн доллар короткон. Ага карабай ал үчүн аймактагы өлкөлөрдөн башка бир ресурс түрүндө компенсация албай эле. 

Жапаров сууну топтоо, берүү, суу курулмаларын кароо жана башка иштер экосистемалык кызмат көрсөтүү болуп саналарын, ага суу пайдаланып жаткан коңшу өлкөлөр да өз салымын кошуп, акча бөлүшү керектигин айткан. 

Мындан улам ал аймактагы өлкөлөргө суу-энергетика ресурстарын колдонууда өз ара пайда алып келе тургандай компенсация механизмин киргизүүнү сунуштаган. 
 


Тектеш материалды окуу