
Жарыяланган
2026-12-10, 15:19Пенсия менен жөлөкпулдарды жыл сайын көтөрүп турабыз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Баткен районунун жана Баткен шаарынын тургундары менен 11-октябрда болгон жолугушуусунда билдирди.
Анын айтымында, пенсия жыл сайын өлкө бюджетине жараша көтөрүлүп турат.
"Бюджетибиз триллиондон ашса, жакшы көтөрөбүз, эки триллиондон ашса, андан көбүрөөк кылып көтөрөбүз", - деди ал.
Жапаров алар мурунку жетекчилердей болуп уктап жатпай турганын айтты.
"Пенсияны бир жолу көтөрүп коюп, беш жыл унчукпай, көтөрбөй эле жатчу эмес беле! Биз пенсия менен жөлөкпулдарды жыл сайын көтөрүп турабыз", - деди ал.



