Жарыяланган
2025-21-07, 16:08Социалдык фонд жарандар пенсиялык топтомо фондундагы каражаттарын кайсы учурда алдын ала алып кете аларын эске салды.
Соцфонддун маалыматы боюнча, мамлекеттик пенсиялык топтомо фонд 2010-жылы киргизилген. Пенсиялык фондго деп кармалып жаткан 10% эмгек акынын 2%ы топтомо фондго түшөт. Топтомо фондго түшкөн акча жаран пенсияга чыкканда (эркектер 63, аялдар 58 жаш) колуна берилет.
1964-жылдын 1-январына чейин төрөлгөн эркектер жана 1969-жылдын 1-январына чейин төрөлгөн аялдар бул топтомо фондго акча төлөшпөйт. Алар 2012-жылдан баштап бул фондго катышпай калышкан.
Жарандар Топтомо фонддогу акчасын пенсияга чыкканда гана эмес, ага чейин бир нече учурда ала алат:
1. Чет жакка жашаганы кеткен жаткандар.
2. Жаран каза болсо, анын Топтомо фондундагы акчасын мураскорлору ала алат.
3. Аскер кызматкерлери жалпы пенсиялык куракка (63 жашка) жеткенде, Топтомо фондунда каражаты болсо, акчасын алып кете алат. Мыйзам боюнча аскер кызматкерлери кызмат өтөп жатканда камыздандыруу төгүмдөрүн төлөбөйт, ошондуктан Топтомо фонддо акчасы болбойт. Бирок аскер кызматкери мурда-кийин жарандык чөйрөдө иштеп, Соцфондго акча которгон болсо, Топтомо фонддо акчасы топтолуп, кийин аны ала алат.
4. Мамлекеттик ипотекалык компаниядан үй алган, үлүштүк негизде турак жай курулушуна катышкан же үйдү бөлүп төлөө менен алып жаткан жарандар, акча төлөөгө ала алат.
5. Расмий түрдө жумушсуз деп таанылган адамдарга берилет. Акча үч ай төлөнөт.
6. Оор дартка чалдыккан жарандарга берилет. Оорулардын тизмеси