Akchabarsearch
Жарым жылда Кыргызстанга 206.2 млн сомго капуста импорттолду

Жарыяланган

2026-08-09, 10:37

Жарым жылда Кыргызстанга 206.2 млн сомго капуста импорттолду

2026-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстанга 206.2 млн сомго капуста импорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Жарым жылда өлкөгө жалпы 8.1 миң тонна капуста импорттолгон.

Капустанын көбү Кыргызстанга Өзбекстан (6988.6 тонна) жана Кытайдан (1037.9 тонна) келген. Дагы 104 тонна капуста Казакстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Ирандан ташылып келген. 

2025-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстанга 8.9 миң тоннадай капуста импорттолгон. 


Тектеш материалды окуу