Akchabarsearch
Жарым жылда Кыргызстанга 309.5 млн сомго атыр импорттолду

Жарыяланган

2026-16-09, 18:27

Жарым жылда Кыргызстанга 309.5 млн сомго атыр импорттолду

2026-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстанга 309.5 млн сомго атыр импорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Жарым жылда өлкөгө жалпы 127.8 тонна атыр ташып келинген. Ал Кыргызстанга 20дан ашык өлкөдөн импорттолгон.

2025-жылдын январь-июнь айларына караганда быйылкысында атырдын импорту 258.3 тоннага азайган. Былтыр жарым жылда өлкөгө 386.1 тонна атыр ташып келинген. 
 


Тектеш материалды окуу