Akchabarsearch
"Жеке мектептердеги окуу акысы көзөмөлгө алынса, жеке мектептер жабылышы мүмкүн"

Жарыяланган

2026-25-05, 12:11

"Жеке мектептердеги окуу акысы көзөмөлгө алынса, жеке мектептер жабылышы мүмкүн"

Монополияга каршы кызмат жеке мектептердеги окуу бааларын көзөмөлгө ала турган болсо, жеке мектептер жабылышы мүмкүн. Бул тууралуу “Баа түзүү жөнүндө” парламенттик угууда “Жеке менчик мектептердин ассоциациясынын” жетекчиси Назира Молдобаева билдирди.

Анын айтымында, "Монополияга каршы кызмат жеке мектептердеги окуу баасын тескей баштайт" деген маалымат чыккандан кийин алар бушайман болуп турушат. Себеби, эгер аталган кызмат алардагы бааларды көзөмөлгө ала турган болсо, эки жагдай жаралышы мүмкүн. 

Биринчиси боюнча жеке мектептер жабылып, ал жакта окуган балдар мамлекеттик мектептерге барышы керек болот. Азыр мамлекеттик мектептерде бир класста ансыз да 50дөн ашык бала окуп, мугалимдер жетишсиз болууда. Бул кайра эле мамлекеттик мектептерге оорчулук жаратат. 

110 миңдей бала жеке мектептепде окуганы үчүн өлкө бюджети ай сайын 3 млн сомдон үнөмдөп жатат. Андан тышкары жеке мектептер мамлекетке салык төлөп, жумуш орундарын түзүп, өз салымын кошууда. 

Экинчи жагдай, жеке мектептерде билим берүүнүн сапаты начарлайт.

Молдобаева билдиргендей, жеке мектептер окуу акысын 9 ай үчүн алышат. Бирок алардын чыгымдары бир жылга эсептелет: 12 ай бою ижара акысын, ипотека төлөшөт, кызматкерлерге, анын ичинде мугалимдерге 56 күндүк эмгек өргүүсү төлөнөт, андан тышкары коммуналдык кызматтар бар.

“Коммуналдык кызматтарды курулуш компаниясы, ресторандардай эле төлөйбүз. Эч кандай жеңилдиктер жок”, - дейт ал. 
 


Тектеш материалды окуу