Akchabarsearch
Жети айда Кыргызстанга 3490 тонна цианид импорттолду

Жарыяланган

2026-05-10, 10:42

Жети айда Кыргызстанга 3490 тонна цианид импорттолду

2026-жылдын январь-июль айларында Кыргызстанга 846.4 млн сомго цианид импорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат. 

Жети айда өлкөгө дээрлик 3490 тонна цианид ташып келинген. Анын көбү Кыргызстанга Казакстан (2540 тонна), Грузия (570 тонна) жана Кытайдан (380 тонна) импорттолгон. Ошондой эле аз өлчөмдөгү цианид Россиядан ташып келинген, бирок анын көлөмү көрсөтүлгөн эмес.

2025-жылдын январь-июль айларында Кыргызстанга 3545.1 тонна цианид импорттолгон. 

Эскерте кетсек, цианид тоо кен өндүрүшүндө алууда жана башка тармактарда колдонулат. 


Тектеш материалды окуу