Akchabarsearch
    Жети-Өгүздөгү  Кызыл-Суу – Чоң-Кызыл-Суу унаа жолуна асфальт төшөлүүдө

    Жарыяланган

    2025-29-05, 12:25

    Жети-Өгүздөгү Кызыл-Суу – Чоң-Кызыл-Суу унаа жолуна асфальт төшөлүүдө

    Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу – Чоң-Кызыл-Суу унаа жолуна асфальт төшөлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

    Азыркы тапта 1 чакырымдан ашык жерге асфальт басылды. Жумуштар министрликтин №35 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылып жатат.

    Быйыл Кызыл-Суу-Чоң-Кызыл-Суу жолунун 3-6-чакырымдар аралыгын асфальттоо пландалган. Жумуштар белгиленген графикке жана бардык жол куруу нормаларына ылайык жасалууда.

    Эске салсак, 2023-жылы аталган жолдун 2 чакырымына асфальт төшөлгөн. 


    Тектеш материалды окуу