Akchabarsearch
Жыл сайын 150 кыргызстандык Түркиянынын ооруканаларында акысыз дарылана алат

Жарыяланган

2026-07-04, 18:00

Жыл сайын 150 кыргызстандык Түркиянынын ооруканаларында акысыз дарылана алат

Кыргызстандын 150 жараны жыл сайын Түркиянын мамлекеттик ооруканаларында акысыз дарылануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Бул тууралуу маселе Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов менен Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемаль Окемдин жолугушуусунда талкууланды.

Жолугушууда кыргыз жарандарын Түркияда акысыз квоталардын негизинде дарылоо программасын ишке ашыруу каралды. Ага ылайык, жыл сайын 150 бейтап Түркиянын мамлекеттик клиникаларында жогорку деңгээлдеги медициналык жардамды акысыз ала алат.

Ошондой эле кыргыз дарыгерлерин Түркиянын алдыңкы клиникаларында 3–6 айлык стажировкага жөнөтүү программасын кеңейтүү маселеси талкууланды. Бул багытта адистердин тизмеси түзүлүп, жакын арада түрк тарапка жөнөтүлөрү айтылды.

Мындан тышкары, тараптар органдарды трансплантациялоо жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана Режеп Тайип Эрдоган атындагы Кыргыз-түрк достук ооруканасынын базасында биргелешкен ишти күчөтүү маселелерин да карашты.

 


Тектеш материалды окуу