Akchabarsearch
    Парламент УКМКнын жемкорлукка жазаны күчөткөн мыйзам долбоорун кабыл алды

    Жарыяланган

    2024-25-12, 14:02

    Парламент УКМКнын жемкорлукка жазаны күчөткөн мыйзам долбоорун кабыл алды

    Жогорку Кеңеш “Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды.

    Документке ылайык, коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөөлүү адам мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлей албайт жана күнөөсүн моюнга алуу менен материалдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө келишим түзүүдө, эркинен ажыратуунун эң төмөнкү мөөнөтүнүн кеминде жарымы дайындалат. Андай адамдардын жакындары, туугандары да мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштей албайт.

    Мындай кылмыштар үчүн айып салуу жокко чыгарылат. 

    Кыргызстанда буга чейин жемкорлук үчүн кармалып, сот жообуна тартылып бирок айып пул төлөп эркиндикке чыккан окуялар болгон. 


    Тектеш материалды окуу