Негизделген жылы1988 | Башкы кеңсеси | Бишкек, ул. Тоголок Молдо, 54а |
Телефон | +996 (312) 61 33 33; (556) 61 33 33; (770) 33 33 69 | |
КР Улуттук банктын лицензиясы№ 014 | Сайт | www.cbk.kg |
bank@cbk.kg |
“КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык банкы” ААК өз тарыхын 1988-жылдын 1-январынан тарта СССР Туракжайсоцбанктын Кирконторасы катары баштаган. Анын негизинде 1990-жылдын 6-ноябрында КР Юстиция министрлигинде “Кыргызстан” АКБ катары катталган Банк түзүлгөн. 2005-жылы Банк “КЫРГЫЗСТАН АКБ” ААК болуп кайра түзүлгөн. Ал эми 2006-жылдын 20-ноябрынан тарта Банк азыркы – “КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык банкы” ААК деген аталышта банк операцияларын жүзөгө ашырууга укук берген КР УБ №014 лицензиясынын негизинде иш жүргүзөт.
Банк мындан тышкары өлкө ичинде коммерциялык банктардын арасында алгачкылардан болуп, баалуу металлдар менен операция жасоого лицензияга ээ. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын бардык региондорунда 100 бөлүмдөр, "Visa", "Золотая Корона", "MasterCard" жана "Элкарт" төлөм карталарын тейлеген 187 банкомат жана 900дөн ашык терминал, дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүнө чыгуу менен эл аралык акча которгон 9 система иштейт
“КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык банкы” ААК - Visa International (Principal Member) төлөм системасынын принципиалдуу мүчөсү. Бул болсо ага өз дизайны жана эн белгиси менен Visa төлөм картасын өз алдынча чыгарууга жана тейлөөгө укук берет. Банк нак акча жана накталай эмес төлөмдөр жаатындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык спектрин сунуштаган Орусиянын ири төлөм системасынын карталарын - “Золотая Корона” картасын чыгарат жана тейлейт.
Ошондой эле Улуттук банктын “Эл карт” төлөм системасында дагы ишмердик жүргүзөт.