ФинансКредитБанк КАБ

Банкты баалоо үчүн сиз төмөндөгүлөрдү аткарыңыз Facebook аркылуу катталуу
ФинансКредитБанк КАБ логотип

Банк тууралуу маалымат

Башкы кеңсесиг. Бишкек, ул. Абдрахманова, 105
Телефон+996 (312) 30-30-14
Сайтwww.fkb.kg
E-mailfkb@fkb.kg

«ФинансКредитБанк КАБ» ачык акционердик коому 2005-жылы негизделген. 2005-жылдын 18-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы тарабынан Кыргызстанда «ФинансКредитБанк» ААКын ачууга карата алдын ала уруксат берилген. Керектүү документтер пакетин даярдоо жана каттоо процесси аяктагандан кийин, 2005-жылы 30-декабрда ФинансКредитБанк КРУБдун банк ишмердигин жүргүзүү укугуна карата лицензиясын алган. Берилген лицензия, инвестициялоону кошо алуу менен, банк операцияларынын бардык түрлөрүн жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берет. 2006-жылдын 6-февралынан тартып, «ФинансКредитБанк» ААКы кардарларды тейлөө боюнча толук кандуу иш алып баруусун жүргүзө баштаган.

«ФинансКредитБанк» ААКы оптималдуу пайыздык чендер, максималдуу ылдамдык жана тейлөө сапаты боюнча банк кызмат көрсөтүүлөрүнүн толук спектрин сунуштоочу заманбап банк болуп саналат. Банк бизнести өстүрүү арымдарын өнүктүрүүнүн активдүү саясатын жүргүзөт жана Жакынкы эки жылдын ичинде КРнын коммерциялык банктарынын арасындагы лидерлер тобуна чыгууну пландаштырууда.

Бүгүнкү күнгө карата, «ФинансКредитБанк» ААКынын филиалдык түйүнү Кыргыз Республикасынын алты негизги областтарында жайгаштырылган алты филиалдан жана 21 сактык кассаларынан турат.

Банктын ишмердигинин артыкчылыктуу багыты болуп өзүнө керектөөчүлүк жана ипотекалык кредиттөөнү, ошондой эле депозиттик рынокту өнүктүрүүнү камтып турган чекене бизнести өнүктүрүү эсептелет. Андан тышкары Банкта башка дагы бизнес багыттары: корпоративдик бизнес, ошондой эле чакан жана орто бизнес чөйрөлөрү өнүгүп келе жатышат.

Бүгүнкү күндө, Банк Россия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынын ири банктарындагы корреспонденттик эсептерге ээ. келечекте Түндүк Американын, Европанын, Азиянын эл аралык белгилүү банктары менен корреспонденттик мамилелерди түзүү пландаштырылууда.

Банктын Миссиясы — бардык Кардарларга банк продукттарынын комплексин жана кызмат көрсөтүүлөрдү эң жогорку деңгээлде сунуштоо.

Башкы принцип — анын негизинде өз ара өнүктүрүү жана өнөктүштүк турган банк менен анын Кардарларынын ортосундагы ишеним. Миссиясы, банктын бүткүл жамаатынын ишмердигинин негизги жүйөөлөрү активдүү жаратуу жана пайдалуулук болушу керектигин аныктап турат. Кардарлардын керектөөлөрү – өнүгүүгө карата биздин стимулубуз, биз – интенсивдүү өнүгүү процессиндеги таканчык чекитибиз. Биздин ынанымыбыз болуп, бизнес, качан анын бардык катышуучулары утушта калган кезде гана мааниге ээ боло тургандыгы эсептелет.

Банктын философиясы гармония, акыйкаттык, саясатка аралашпоо, ишеним, өнүгүү жана аң-сезимдүүлүк принциптеринде базаланат. Өз ара мамилелердин гармониясы – банктын ичинде сыяктуу эле, анын тышкы курчоосу менен дагы – акыйкаттыкты, ишенимди жана саясатка аралашпоону талап кылат. саясатка аралашпоочулук – каалагандай саясий агымга ААКын болуу күнүмдүк милдеттерди чечүүдөн алаксытып тураарын түшүнүүнүн жыйынтыгы. Мамилелердеги ишеним жана акыйкаттык аң-сезимдүүлүк аркылуу калыптандырылат. Аң-сезимдүүлүк болсо өзүнүн үстүнөн, утурумдук күн сайын болуучу банктын өнүгүүсүнүн үстүнөн туруктуу иш алып баруу менен жетишилет. Реалдуу өнүгүү, качан чыр-чатактарды жана карама-карлышыктарды болтурбай турган гармониялуу өнүгүү бар учурда гана мүмкүн болот.

Төлөм карты тейлөө

Финансалык көрсөткүч

Аралыктагы актвдери Сентябрь 2023 жылы

2 692 708

миң.сом
Аралыктагы кирешеси Сентябрь 2023 жылы

6 519

миң.сом

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы