Негизделген жылы1996 | Башкы кеңсеси | г. Бишкек, бул. Молодой Гвардии, 38а |
Телефон | +996 (312) 911 111 | |
КР Улуттук банктын лицензиясы№ 033, 033/1 | Сайт | www.rsk.kg |
info@rsk.kg |
«РСК БАНК» 1996-жылы калкка тейлөө кызмат көрсөтүү үчүн негизделген. Банк ушул иштеген жылдардын ичинде өзүнүн ишенимдүүлүгүн тастыктады жана калктын ишенимине ээ болду, бул кардарлардын санынын туруктуу өсүшү менен тастыкталды. Банк кардарлардын күндөлүк жана алдыдагы керектөөлөрүн эске алуу менен өнүгүүнү жана жетилте иштөөнү улантуудабыз. Банк азыркы этапта – чекене жана корпоративдүү кардарлар үчүн тейлөө кызматтардын кеңири тармагын көрсөтө турган заманбап, стабилдүү жана динамикалуу финансылык түзүм.
«РСК Банктын» өнүгүшүнүн артыкчылыктары болуп, сервистин деңгээлин жогорулатуу, банктык тейлөө кызматтардын ассортиментин кеңейтүү, калктын жана корпоративдик тармактын бардык катмары үчүн тейлөө кызматтардын сапатын жакшыртуу жана ага жете жетүү болуп кала берет.
«РСК Банк» Кыргызстандын бардык территориясында калкты жана кичи жана орто бизнес тармагын тейлөө боюнча алдыңкы Банк болууга, калктын бардык катмары жана бизнес категориясы үчүн банктык тейлөө кызматтарга алардын жете алышын камсыз кылууга умтулат. Банк өзү иш-аракеттеринде, башкаруунун заманбап ыкмаларын колдонуу менен өз кардарлардын, жана башка бардык кызыккан тараптардын керектөөлөрүн толугураак канааттандыруу принциптерине таянат. Бизнес бул өлкөнүн жана бүтүндөй эле коомучулуктун негизин экендигин биз жакшы түшүнөбүз. Ошондуктан биздин иш-аракеттерибиздин принциптеринин бири социалдык жоопкерчилик болуп саналат.